Ленин районундагы шайлоо. 83 шайлоочу шайлоо тилкесинен тышкары добуш берди

Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочуларга тилкеден тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча 97 арыз түшкөн.

БШКнын маалыматы боюнча, алардын ичинен кечээ 83 шайлоочу (85,57%) добуш берди. 14 шайлоочу (14,43%) добуш берген эмес.