Ленин районунун акими жаңы конуштардын абалы менен таанышты

Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана райондун кызматкерлери менен биргеликте районду комплекстүү жакшыртуу маселелери боюнча Ала-Тоо, Ак-Ордо жана Ак-Өргө жаңы конуштарын текшерип чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Тоо конушуна суу түтүктөрүн куруу маселесин талкууланды.

Ал эми Ак-Өргө конушунун жашоочулары Өмүракунов көчөсү менен Өмүр көчөсүн бойлой жөө адамдар басуучу жол курууну, Арабаев көчөсүндөгү Ашар көчөсүнөн Алтын Казык көчөсүнө чейин темир-бетон тирөөчтөрдү орнотууну суранышты.

Ак-Ордо конушуна Какен-Апа көчөсүнүн боюна темир-бетон тирөөчтөрүн орнотуу, Калыгул Бай уулу көчөсүн бойлой ирригациялык тармак куруу, Алай жана Торугарт көчөлөрүн бойлой суу түтүктөрүн орнотуу, ошондой эле Тагай Бий менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыкты.

Аким Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин жана Ала-Тоо конушундагы №82 мектептин даярдыгын текшерип, район башчысы мектеп ашканаларында ысык тамак уюштуруу боюнча маалымат алды.