«Лента тагып койгула». Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине унаа белек кылмай болду

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаардык төрөт үйүнүн айланасын оңдоп түзөө, көрктөндүрүү иштерин көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Мында шаар мэри Жеңишбек Токторбаев төрөт үйүнүн айланасы жүз пайыз жаңыдан жасалгандыгын, ата-эне-бала эстелиги, жана жолго толук асфальт төшөлгөнүн, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынып, тепкичтер жана курулуштар мрамор таштар менен кооздолуп шарттары толук жаңыланган айтты.

Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жасап жаткан жумуштары натыйжалуу жана үлгүлүү болгондуктан президенттин атынан унаа белекке тапшырарын билдирди.