Саламаттыкты сактоо министрлиги лицензиясы жок менчик стоматологиялык клиникаларды жабууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев «Акипресске» билдирди.
Министрдин айтымында, Бишкекте 5 мамлекеттик стоматологиялык клиника ачылганы жатат. «Менчик стоматологиялык клиникалардын баарынын ишмердүүлүгүн текшерип чыгабыз. Алардын көбүнүн лицензиясы жок. Тийиштүү чечим кабыл алабыз», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Министр лицензиясы жок канча менчик стоматологиялык клиника бар экенин тактаган жок.