«Лифттин бузуктугунан 38 жаштагы баламдан айрылып, 5 неберем жетим калды» дейт маркумдун атасы

Мындан бир ай мурда Бишкектин “Улан-1” кичи районунда эркек киши лифтке кыпчылып каза болгон. Биздин редакция кан жутуп турган маркумдун үй-бүлөсүнө барып көңүл айтып, кабар алдык. Маркумдун атасы уулунун өмүрүн алган лифттин жанына барып, окуяны айтып берди.

«Уулум келип эле лифтти ачат, келиним ошол учурда кичинекей баласын алып, тепкич менен түшүп кеткен экен. Эшик ачылганда, колясканы киргизип, өзү кирип баратканда бир нерсе болуп, лифт өйдөгө кетип, уулумду кыпчып калган экен. Денесинин жарымы лифттин ичинде, жарымы сыртында калып калган. Келиним келип, тарткылаптыр. Лифттин бузуктугунан жакшынакай 38 жаштагы уулубуздан айрылып отурабыз. 5 баласы жетим калды», — деди ал.