“Лимонти” каймана аттуу кримтөбөлдүн бир тууганы кармалганы айтылды

«Лимонти» каймана аты менен белгилүү болгон маркум кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун бир тууганы Марс Сулайманов кармалганын бүгүн, 8-октябрда АКИpress жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, камакка алуу УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы расмий маалымат бере элек.