Липосакция операциясынан кийин көз жумган аял. Менчик клиника жабылды

Липосакция операциясынан кийин аял каза болгон окуя орун алган соң Art клиникасы жабылганын Саламаттыкты сактоо министрлигиненбилдиришти.

Окуядан кийин клиника жабылган. Клиника лицензияны токтотуу боюнча арыз менен кайрылды.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун сиңдиси кайрылып, Улуттук госпиталда эжеси каза болгонун билдирген. Ал менчик клиникадан оор абалда №2 анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Улуттук госпиталдан аялдын Art clinic клиникасында липосакция операция жасатканы, ошондон кийин абалы начарлап, оор абалда жеткирилгени маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги Art clinic клиникасынын лицензиясы бар экенин билдиришкен. Биринчи Май РИИБде окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин менчик клиниканын хирургу кармалып, камакка алынган. Ал эми эки күн мурда тараптардын жарашып алганына байланыштуу кылмыш иши кыскартылганы маалым болгон.