«Лука менин колумда жан берди». Германиялык альпинист Жеңиш чокусундагы аялды куткаруу учурунда каза болгон кесиптеши тууралуу айтып берди

Германиялык альпинист Гюнтер Зигмунд италиялык кесиптеши Лука Синигалья менен Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык Наталья Наговицинаны кантип куткарууга аракет кылганын REN TV телеканалына айтып берди. Куткаруу операциясы маалында Синигальянын оң колун үшүк алып, андан соң мээси шишип каза болгон.

Гюнтер, Лука, Наталья жана топтун дагы эки мүчөсү — Роман жана Пол эртең менен Жеңиш чокусуна көтөрүлө башташкан. Гюнтер белгилегендей, биринчи лагерден экинчи лагерге өтүү узакка созулган, бирок коопсуз болгон.

Түн ортосунда Гюнтер, Наталья жана Роман чокуга карай көтөрүлүшкөн, ал эми Лука манжаларын үшүк алгандыктан артка кайтууга мажбур болгон. Гюнтер чокуга жетип, Наталья менен Роман андан 4–5 саатка артта калышкан. Түшүп келе жатканда аба ырайы кескин начарлап кеткендиктен, Гюнтер Луканын жанындагы кардан жасалган үңкүргө кайтып барган. Наталья менен Роман ошол күнү кайтып келишкен эмес.

Эртеси күнү Роман келген, бирок рюкзаксыз жана жабдуусуз болгон. Ал Натальянын бутун сындырып алганын айтып берген.

«Биз Лука экөөбүз кайра чокуга карай көтөрүлдүк. Бул жолу Лука манжалары тууралуу эч нерсе айткан эмес. Менимче, бул стресс менен байланыштуу — мындай шартта ооруну сезбей каласың», — деп эскерет Гюнтер.

Алар Натальяны табышкан, анын бутун чатырдын бөлүгү менен таңып беришкен. Ал 7 миң метрге жакын бийиктикте түнөгөнүнө карабастан, абалы салыштырмалуу жакшы болчу. Алар ага 4–5 күнгө жеткидей тамак-аш жана газ калтырышкан.

«Натальянын рациясы аркылуу база менен байланышып, 7250 метр бийиктикте чатырда ичинде калууну чечкенибизди айттык», — деп эскерет Гюнтер.

Базадагылар аларга рацияны алып, түшүүнү сунушташкан. «Шамал аябай катуу эле, бирок биз түшүшүбүз керек болчу. Натальяны чатырдын ичинде калтырдык, бирок ичиндеги шарттар нормалдуу болчу», — дейт Гюнтер.

Гюнтер менен Лука кайра Романдын жанына кайтышкан, бирок аба ырайы начар болгондуктан, андан ылдый түшө алышкан эмес. Кийинки күнү аба ырайы жакшы болбой, алар дагы бир күнгө калышкан. Үңкүрдү өзүлөрүнө ылайыкташтыруу үчүн казып башташкан.

«Мен алардан “Лука, мага жардам берип койгулачы. Мен аябай чарчадым, азыр 6500 метр бийиктебиз, иш оор болуп жатат”, дедим. Бирок Лука жардам бере алган жок. Анткени колун үшүк алып кетиптир»,- деди ал.

Катуу шамалдан улам үңкүрдүн кире бериши кар менен бүтөлүп калган. Ошондо алар түшүү керектигин түшүнүшкөн.

«Лука колу үчүн катуу санааркап жаткан. Жарым саатча түшкөндөн кийин ал каза болду. Ал менин колумда жан берди», — деди немис альпинисти.

Окуянын хронологиясы:

Учурдагы абал:

● Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте жатат. Анын абалы тууралуу маалымат жок. Эвакуация аба ырайы турукташып, кесипкөй даярдыктан өткөн команда жана тик учак менен камсыз болгондо гана мүмкүн болот.

● Каза болгон Лука Синигальянын жансыз денеси 6900 метр бийиктикте жатат. Эгер туугандары чечим чыгарса, анын жансыз денесин эмдиги жылы гана түшүрүүгө мүмкүн болот.