Лукашенко Бишкекте унаасы от албай койгонун айтканы. Маалымат катчысы бул тамашанын жөнүн түшүндүрдү

9-декабрда Беларустун президенти Александр Лукашенко Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына Мерседес унаасынын айынан кечигип кала жаздаганын айткан эле. Кийин президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев сөз болгон унаанын техникалык абалы мыкты болгонун жана Лукашенко сейилдөө максатында жөө басып келгенин билдирген.

Беларустун президентин маалымат катчысы Александр Лукашенко тамашалап койгонун айтып, ал тамашанын жөнүн да түшүндүрүп өттү.