Лукашенко: «Путин Кыргызстанга октябрда барат»

Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстанда жолугушуусу октябрь айынын ортосуна пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу Белта жазды.

Бул тууралуу Лукашенко Орусиянын Ленинград облусунун губернатору менен жолугушууда билдирди. Беларус президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаганын билдирди. «Мен кечээ Орусиянын президенти менен сүйлөштүм. Биз эки долбоор боюнча макулдаштык. Ал эми 15-октябрда биз Кыргызстанда жолугабыз жана бул тууралуу кеңири сүйлөшөбүз», — деди ал.

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтмөкчү.