«Любойго» чала бер!» Чүй облусунда алты браконьер кармалды

22-декабрда Жаратылыш ресурстар министрлигинин мамлекеттик инспекторлору “Эко тартип” экологиялык коомдук уюму менен биргеликте Чүй облусунун аймагында алты браконьер жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылып жүрүшкѳн жеринен кармалышты. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга протоколдор түзүлүп, айыптын суммасы 65 миң сомду түзүп, 13 миң сом доо коюлду.

Браконьерлерди кармоо учурунда тартылган видеодон колго түшкөндөр сүйлөшүүгө аракет кылышканын жана министрликтин өкүлдөрү «любойго» чала бер» дегенин угууга болот.