Люкс вагону бар… Бүгүндөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштады

Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарынан Балыкчы шаарына чейин алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти. Поезддин курамында 7 вагон бар, 185 жүргүнчү түштү.

Жүргүнчүлөрдү ташыган Бишкек – Балыкчы поезди ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттап турат. Поезддин курамында панорамалык терезелер, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар.

Бишкектен жүргүнчү поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:42де жетет. Ал эми Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет.