Маалымат каражаттарына каршы маалымат жыйынды Турсунбай Бакир уулу каржылаган

Маалымат каражаттарына каршы маалымат жыйынды мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу каржылаган. Маалыматты журналисттерге өзү тастыктады.

Анын айтымында, Кыргызстанда чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоору кабыл алынышы керек. «Чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоорун мен 5-чакырылышта иштеп жүргөндө сунуштагам. Бирок кийин кабыл алышкан жок»,— деди ал. 

Бүгүн АКИpress маалымат агенттигинде жыйын өттү. Анда өзүн блогер деп атаган Илимбек Исраилов чет мамлекеттер каржылаган маалымат каражаттарына чет элдик агент макамын берүүнү талап кылды.