Маалымат катчы: «Президенттин Пекинге жумушчу сапары үчүн ижарага алынган учакка бюджеттен каражат сарпталган эмес»

ТУ-154 “номер биринчи борттун” колдонуу мөөнөттү аяктады. Өлкөнүн президенти башында турган делегациянын учууларынын коопсуздугунун жогорку деңгээлин камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен аны мындан ары коопсуз иштетүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга байланыштуу Пекин шаарына жумушчу сапары үчүн жеке учак ижарага алынган. Анын бардык чыгымдары бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жабылган, бюджеттен каражат сарпталган эмес.

«Рейстик самолеттор менен учуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, делегациянын бүтүндөй курамына жумшалуучу чыгымдар да бир топ болмоктугун белгилеп кетким келет. Анын үстүнө ортодогу учак которуу зарылдыгы бар алыскы аралыкты эске алганда. “Номер биринчи борт” темасына кайрылып, учурда иш жүрүүдө жана жакынкы арада Кыргызстандын жогорку делегациялары учуулар үчүн жаңы чакан учакты колдонот. Ал менчикке сатып алынбайт, бир жолку символикалуу ижара акысына катталат. Кыргыз тарап учакка май куюу жана тейлөө чыгымдарын гана көтөрөт», — деди ал.

Садыр Жапаров 3-февралда Пекинге иш сапары менен барганы маалым. Flightradar агенттигинин маалыматына караганда, ошол күнү Бишкектен Embraer Lineage 1000 бизнес классындагы учак саат 13:00дө учуп, төрт жарым сааттан кийин саат 17:30да (Бишкек убактысы боюнча) Кытайдын борборунун эл аралык аэропортуна конгон. Мындай учакты ижарага алуунун орточо сааттык баасы 11 миң 700 долларды түзөт.