Маанилүү! Чет өлкөгө чыгууда ПЦР-тестине байланыштуу жаңы маалыматтар

Gestellte Aufnahme. Symbolfoto: Coronavirus Diagnose. COVID-19, SARS-CoV-2. Berlin 17.03.2020 Berlin Deutschland *** Presented picture Symbol photo Coronavirus Diagnosis COVID 19, SARS CoV 2 Berlin 17 03 2020 Berlin Germany Copyright: xThomasxImo/photothek.netx

Республикалык штабдын буга чейин коомчулукка тараткан ПЦР-тести тууралуу маалыматы көпчүлүктө суроо жараткан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти ПЦР-тести боюнча маалыматты тактап, төмөнкүлөрдү билдирет.

Бүгүнкү күндө АКШ, Улуу Британия, Түркия, Казакстан жана башка өлкөлөр эмдөө сертификаты, ПЦР-тестинин жыйынтыгы жок чет элдик жарандарды чек арасынан өткөрүп жатышат.

Ал эми Өзбекстандын аймагына эмдөө сертификаты болсо, анда ПЦР-тесттин жыйынтыгы жана экспресс-тести жок кирсе болот. Эгер эмдөө сертификаты болбосо, анда акыркы 72 сааттагы ПЦР-тестин (электрондук QR-коду менен) терс жыйынтыгын көрсөтүш керек же Өзбекстандын аймагына киргенде экспресс-тест тапшырыш керек.

Орусиянын башкы мамлекеттик санитардык врачынын 2021-жылдын 4-декабрындагы №33 токтомуна ылайык, өлкөгө учак менен келген чет элдик жарандар орус же англис тилдеринде коронавирустук инфекциянын жок экендигин тастыктаган ПЦР-тестинин жыйынтыгын алып жүрүшү керек. Анализ Орусиянын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөнгө чейин эки күндөн (48 саат) эрте эмес жүргүзүлүүгө тийиш жана жыйынтыгы аба каттамга (рейске) отурганда көрсөтүлүшү керек.

Евразия биримдигине кирген Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргыз Республикасынын жарандары коронавирус жок экенин тастыктоо үчүн “Мен COVID-19сыз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдонушу керек.