Маданият министри Бишкекте 100 миң киши бата тургандай аянт салынарын айтты

Маданият министри Алтынбек Максутов Бишкекте 100 миң киши бата тургандай аянт салынарын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Максутов 31-августтагы концертте борбордук аянтка элдин батпай, түртүшкөнү президентти баш кылып, бийлик өкүлдөрүн ойлонтконун айтып, мындан улам 100 миң киши бата турган аянт салуу боюнча тапшырма берилгенин белгилеген.

«Кыргызстандын талабы, элдин активдүүлүгү аябай өсүптүр, эл көбөйүптүр. Усубалиев атабыз салып кеткен аянт жаңыланууну, башка бир жерге майрамдык маанай өткөрө турган жер салууну талап кылып калыптыр. Ошол үчүн жакынкы жылдары, кудай буюрса, элибиз бата тургандай аянтча пайда болот», — деген министр. Министр аянт кайсы жерде болорун так айткан эмес.