Маданият министрлиги гимндин текстине жана музыкасына сынак жарыялады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына республикалык сынак жарыялады. Мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча Мекемелер аралык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.

«Максаты — тарыхый мурасты, маданиятты жана элдин биримдигин чагылдырган чыгарма жаратуу. Композиторлор, акындар, музыканттар жана чыгармачыл топтор чакырылат», — дейт министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев.