Маданият министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok’ту жабуу чечимин кабыл алды

Маданият министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok’ту жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрликтин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйгөн.

TikTok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет.

Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө TikTok платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган. Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.