Маданият министрлигинин мекемелери мамлекетке 27,1 миллион сом зыян келтирген делип иш козголгон. Бул боюнча Маданият министрлиги үн катты.
«Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчилиги тарабынан негизги фонддордун инвентаризациясы, ошондой эле материалдык баалуулуктар менен техникалык жабдууларды актылоо иштери жүргүзүүнүн жыйынтыгында 13,2 миллион сом өлчөмүндө материалдык баалуулуктар менен техникалык жабдуулардын жетишпестиги аныкталган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын прокуратурасынын маалыматына ылайык, 7,6 миллион сомдун максатсыз пайдаланылышы жана 6,2 миллион сомдук спорттук инвентарлардын Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан кымбат баада сатып алынышы аныкталган. Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2023-жылы президенттик фонддон бөлүнгөн 300 миллион сомдун алкагында берилген.
Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери уланууда жана бардык жагдайларга акыркы укуктук баа компетенттүү орган тарабынан берилет. Министрлик ачыктыктын, айкындуулуктун жана мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөнүн принциптерин бекем карманарын баса белгилейт жана иликтөө иштерин жүргүзүүдө укук коргоо органдарына толук көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет»,- деп айтылат маалыматта.