Маданият министрлигинен 18 уюмдун кайрылуусунан улам TikTok’ту жабууну чечкенин билдиришти

Маданият министрлиги 18 уюм жана бейөкмөт уюмдардын кайрылуусунан улам ТикТокту бөгөттөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымында, жарандардан көп кайрылуу түшкөн. Эсенгулов «18 уюм» кайрылганын билдирген. «Биз механизмдер тууралуу билбейбиз, бул менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги алектенет», — деди ал.