Маданият министрлигинин алдына Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев нааразылык акциясына чыкты

Бүгүн, 8-февралда Маданият министрлигинин алдына Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев нааразылык акциясына чыкты.

«Мен кадр маселеси боюнча келгем. Анан 15 министр алмашты. Эч нерсе кылышкан жок. Министрликке келсе эле, болду статус алдым, министр болдум дейт. Кеп министрде эмес, адам болуш керек. Элине ак кызмат кылышы керек. Эмне көйгөй болсо, ошону чечиш керек», — деди ал.

Ал журналисттердин «нааразычылык акциясына эмне талап менен чыктыңыз?» деген суроосуна мындай деп жооп берди: «Жумуш берсин. Дагы анан эски көпөстөр — 30-35 жылдан бери отургандар турганда биз кантип өнүгөбүз. Ошолорду кетириш керек. Жаш муунду сынак менен жумушка алышсын».