Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр жүрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жаңыланган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилер тизмеси:
— Искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги — Мамбетмусаева Салтанат Азисовна;
— Билим берүү мекемелеринин ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы — Курамаева Айдай Кенжебековна;
— Маданиятты өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги — Жолдошов Чынарбек Маматович;
— Маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн башчысы — Самыйбекова Айжан Самыйбековна;
— Материалдык-техникалык базаны жана инфратүзүмдү жакшыртуу секторунун башчысы — Жээналиев Азамат Кошулбекович;
— Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги — Сарногоева Салкын Сатаровна;
— Лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүнүн башчысы — Ибрагимов Бектур Берикович;
— Эл аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы — Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович;
— Пландоо жана каржылоо башкармалыгынын начальниги — Жолдошев Нурлан Касымович;
— Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы — Кулуев Кайнарбек Кожогелдиевич;
— Стратегиялык пландоо жана санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы — Асанбаева Айнура Абдыкалыевна;
— Этностор аралык мамиле бөлүмүнүн башчысы — Эшимбеков Искендер Жекшенбаевич;
— Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы — Шайкидинов Аскар Токторбекович;
— Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы — Бакеев Ринат Аскарбекович;
— Басма сөз кызматы бөлүмүнүн башчысы — Мадиева Эльмира Жумагуловна;
— Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы — Өмүрбек кызы Венера;
— Документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы — Букуева Мерида Сагыновна;
— Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу — Ажибаев Фархат Бурканович.