Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жалил Мидинов көз жумду

Кыргыз театр искусствосу, орду толгус оор жоготууга учурады.

Кечээ, 8-августта 65 жаш курагында узакка созулган оорудан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, кыргыз театр искусствосунун талантуу режиссеру, Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидинов дүйнөдөн кайтты.

Жадылбек Мидинов 1956-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген.

1973-жылы Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык студиядан билим алган. Аталган студияны бүтүрүп чыгып, Жангазиев атындагы Республикалык куурчак театрында актер болуп эмгек жолун баштаган.

1983-1987-жылдары Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театрдын режиссеру адистигин аяктаган.

1990-1991-жылдары Санкт-Петербург шаарында Черкасов атындагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунда жогорку режиссердук курста белгилүү режиссер, Россия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери Белинскийдин курсунда окуган.

Окууну аяктаган күндөн тартып Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп эмгектенген.

1996-1998-жылдары Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссер-коюучу кызматын аткарган. 1998-жылы эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп “Тунгуч” театрынын алдында иш алып барган.

2008-жылы кайрадан Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп дайындалган. Андан соң, театрдын көркөм жетекчиси жана режиссеру, Чүй облустук Термечиков атындагы театрдын режиссеру, Нарын облустук Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, акыркы учурда Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматтарды аткарып келген.

Жадылбек (Жалил) Мидиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-августта саат 12:00дө Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында өтөт.