27 жаштагы келиндин күндөшү: «Бул менин үчүнчү турмушум. Үчөө болуп жашап, Мадинанын балдарын каралашканга макулмун»

Буга чейин редакциябызга Мадина Казакбаева аттуу 27 жаштагы келин кайрылган эле. Өзүн томолой жетиммин деген ал 2 айлык баласын колго алып, башынан өткөн окуяларды айтып берген. Анын айтымында, жаш келин убагында жолдошу менен «Дыйкан» базарынан таанышкан. 3 күн сүйлөшкөндөн кийин ал Мадинаны ала качып кеткен. Анын барар жери жок болгондуктан, ала качкан жигит менен жашоого мажбур болгондугун жана ар кандай мазактоолорго туш болуп, күндөшү менен чогуу жашаганга да туура келгендигин айтып берген.

Ал эми келиндин күйөөсү Абдырахман аттуу мырза Мадина Казакбаеванын айткандарынын баары  жалган жалаа экенин айтып, аялдын колундагы кызы анын баласы эмес экендигин, анализ тапшыраарын да кошумчалады. “ДНК баланын меники экендигин көрсөтсө, эки аялым менен тең жашайм”, — деди ал.

Буга улай анын Маржона аттуу экинчи аялы бул анын үчүнчү турмушу экенин айтып, буга чейин балалуу боло албаганын айтты. “Эгерде жолдошум менен Мадина макул болсо, мен балдарга каралашып, чогуу жашаганга макулмун. Эгерде Мадина макул болбосо, анда жолдошум мага уруксат берүүсүн сурайм”, — дейт Абдырахман мырзанын экинчи аялы. Ал Мадинанын үй-бүлөсүн бузбагандыгын, ага талак бергенден кийин ак нике менен келгендигин айтып, өзүнүн буга чейинки тагдырына да токтолду. “Жашым 23тө. Биринчи жолу баткендикке турмушка чыккам. Экинчи жолу шаар ичинде эле турмуш кургам. Ал эми Абдырахман үчунчү жолдошум”, — дейт Маржона.