Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

Кечээ, 8-майда саясатчы Адахан Мадумаровго карата Биринчи Май райондук соту чыгарган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Сот аны каттап, кабыл алганы тууралуу саясатчынын Телеграм-каналына жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтоткон чечимине каршы арыз Бишкектин Административдик сотунда 20-майда карала турган болду.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыккан. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.