Мадумаров кезектеги сурактан чыгып, тергөө амалдары бүткөнүн айтты

Бүгүн, 25-январда саат 15:00гө чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгындагы кезектеги сурактан чыкты. Ал тергөө амалдары бүткөнүн билдирди.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан бери дээрлик күн сайын сурак берүүгө келип жатат. 19-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кайрылуу таратып, протоколдун көчүрмөсүн жарыялаган.