Мадумаров сурактан чыга элек. Аны тарапташтары күтүп жатат

Бүгүн, 21-январь саат 19:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы чакырган сурактан чыга элек. Ал суракка саат 15:00дө кирген. Саясатчыны имараттын сыртында кыштын суугуна карабай күтүп жатышат.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан бери дээрлик күн сайын сурак берүүгө келип жатат. 19-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кайрылуу таратып, протоколдун көчүрмөсүн жарыялаган.