Мадумаровдун жактоочусу анын ден соолугу кескин начарлап кеткенин айтты
Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин начарлап кетти. Бул тууралуу анын жактоочусу Юлия Богданова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, тергөө мыйзамсыз жүргүзүлүп, мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген адам профессионалдык коргоо укугунан ажыратылган. Мадумаровдун эки кылмыш иши тең жашыруун кылынган.
«Адахан Мадумаров тез арада операцияга муктаж, анын жүрөгү ооруйт. Ошол эле учурда тергөө соттук-медициналык экспертиза жүргүзбөй жатат», — деди Юлия Богданова.