Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жатканын айтып, ИИМ башчысына кайрылды.
«Маевканын 3 мектеп окуучусу 1-класста окуган баланы 5 жолу зордуктаптыр. Ушуну бүгүнкү күнгө чейин Биринчи Май РИИБ карабай жатыптыр. Ошол эле учурда бир айым унаа айдаганды үйрөнөм деп кызды тепселеп кетиптир. Кичинекей кыз өлүп калды. Дагы бир нече окуя болуп жатат. ИИМге барса ишти толук алып барбай жатат. Тааныштары чыгып калып, актап да жатышыптыр
Маевкадагы окуяда видео далил турса да балдарды коё берип салышыптыр. ИИМ жакшы жумуш алып баргылачы»,— деди депутат.