«Мага 1 жаштан өтүп калган балдарды союу кыйын» дейт патологоанатом

SUPERTV телеканалынын “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул жолу патологоанатом кесиби менен тааныштырабыз. Каарманыбыз Атыр Абылова 8 жылдан бери Бишкек шаардык өлүкканасында иштейт.

«Бул жакка келгенде эле өлүк сойбойсуң. Акырындан үйрөтүшөт. Башка дарыгерлер менен кирип, алардан үйрөнөсүң. Мен келгенде деле коркот болушум керек деп ойлогом. «Адамды адам кантип соёт» деп ойлогом. Башкаларга билбейм, бирок мага 1 жаштан өткөн балдарды союу моралдык жактан кыйын»,— деди ал.