“Мага көз тийип, элдин назары сөөккө, канга өтүп кеткен дешет” дейт Ташчайнар

Ташчайнар каймана аты менен таанылган Нурлан Алишеров мындан бир жыл мурун ден соолугу начарлап бир катар ооруга чалдыкканын айткан эле. Бүгүнкү күндө да “бир бутумду дарылатпасам, кескенге туура келет экен” деген балбан Ташчайнар мырзанын абалын сурап, ден соолугун сураганыбызда

«Мындан бир жыл мурун карантин учурунда бир катар оорулар менен ооруп, элден жардам сураганга мажбур болгом. Элдин жардамы менен жакшы болуп, эл катарына кошулуп калдым эле. Мына кайрадан 1 ай болуп калды, кайра ооруканага барып дарыланууга туура келип жатат. Кант диабети деген адамды ар кайсы жагынан алат турбайбы. Акыркы күндөрү көзүмдүн көрүүсү начарлап жада калса бир бутумду кыймылдата албай жатам. Дарыгерлердин айтуусунда убагында дарылатып калбаса, кесүүгө туура келет деп жатышат. Ал эми кээ бир адамдар «Сага көз тийип, элдин назары сөөккө, канга өтүп кеткен»дешет. Убагында үй берилгенде муктаждар алсын деп, өз каалоом менен баш тарткан элем. Анткени оор абалда жашагандар бар болчу. Кийинчерээк дагы бир үй берилген, бирок ал чиновниктердин кийлигишүүсүнөн улам ачкычын колго ала албай калдык. Мына азыр батирде турам. Үй маселеси боюнча өкмөткө да далай кайрылдым, бирок чечилбей келет» деди ал.

Нурлан Алишеровдун SUPERTVга берген маегин төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар: