Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилерге эскертүү берди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-декабрда, Раззаков айылынын жашоочулары менен жолугушууга барган учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жашоочулардын көпчүлүгү жолугушууга киргизилбей, сыртта калган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну байкап элди киргизүүгө буйрук берип, ал атайын даярдалган 4 адам менен эмес эл менен жолугушуу үчүн келгенин жана ага мындай жасалма жолугушуунун кереги жок экенин айткан.
«Мени элден тоспогула. Эл менен жолугушуп, маселелерин чечиш керек. Мага спектальдин кереги жок«, — деген УКМК төрагасы.