«Мага уулумдун каза болгонун айта албай, кайын энең катуу болуп жатыптыр дешти» дейт чек ара жаңжалында окко учкан аскердин апасы

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун саны 36 адамга жетти. Ошолордун арасында 30 жаштагы аскер Эсентур Кубанычбек уулу да бар эле. Маркумдун апасы Кундуз Турдакунова ага уулунун каза болгонун угузгандагы каргашалуу күндү эстеди.

«Мага уулумдун каза болгонун кошуналар угузду. Биринчи кайын энең катуу болуп жатат деп айтышты. Уулум Баткенге кеткенден бери эки эмчегим зыркырап ооруп жаткан. Укканда башыма бир нерсе түшкөндөй эле болду. Жайнаган уулум жайнаган бойдон кете берди»,— дейт  ал.

Видеону ушул шилтемени басып өтүп көрө аласыз.