Махрга батир, бизнес сураган кыздар талкуу жаратып жатат (видео)

Учурда социалдык тармактарда «махрга эмне сурайсыз?» деген суроого жооп берген кыздардын жообу талкуу жаратып жатат. Анда кыздардын имарат, батир, үй жана бизнес деп жооп бергенин көрүүгө болот.

«Өзүн буюмга баалаган адат кайдан чыкты? Кыргызда калың, эне сүтү деп ата-энесинин эмгеги бааланчу. Булардын эмне кылганына башка бирөөнүн баласы үй алып бериш керек? Эмнеси алтындан? Илгери биз ошонун баарын өзүбүз кылчу элек. Жакшы жашагыбыз келсе иштечүбүз. Эч кимден эч нерсе күтпөппүз көрсө», — деп жазышууда.