Май айына чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Бүгүн, 11-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында министр Догдуркүл Кендирбаева “Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү: 2024-жылы балдарды 40% мектепке чейинки билим берүү программалары менен камсыздоо” темасында презентацияда жасады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Министр учурда республика боюнча 1834 мектепке чейинки билим берүү уюму бар экенин белгилеп, мектепке чейинки курактагы балдардын саны – 1 миллион 110 миң 343, балдар бакчасындагы балдардын саны – 220 миң 12, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбиячылардын саны – 9 миң 796 экендигин айтты.
“Дүйнөлүк банк менен биргеликте 2025-жылдын май айына чейин республика боюнча 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасы ачылып, мында 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми ЮНИСЕФ биргеликте 20219-жылдан бери 248 балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлүп, 7 миңден ашуун бала тартылды”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Мындан сырткары министр Ага-Хан фонду, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Аймактарды өнүктүрүү жана социалдык кызматташтык” коомдук фонду, “Өкмөттүк акселераторлор” программасы, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте аткарылган иштер жана административдик-аймактык реформанын алкагында ачылган бала бакчалар тууралуу маалымат берди.