Май айында кой этине жана пахта майына болгон баалардын олуттуу өсүшү байкалды

Ушул жылдын май айында кой этине жана пахта майына болгон баалардын олуттуу өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

20-майга карата республика боюнча кой этине орточо 465 сом болгонун жана апрель айына салыштырмалуу 18 сомго же 4,1 пайызга өскөнүн, ал эми 1 литр пахта майынын баасы 167 сомду түзгөнүн жана апрель айына салыштырмалуу 3,6 пайызга өскөнүн көрсөткөн.

Муну менен бирге, кой этине карата Исфана, Жалал-Абад (бир килограмм үчүн 500 сом) жана Баткен (бир килограмм үчүн 490 сом) шаарларында максималдуу чекене баалар түзүлдү, ал эми Покровка айылында (бир килограмм үчүн 420 сом), Каракол (бир килограмм үчүн 429 сом) жана Балыкчы (бир килограмм үчүн 440 сом) шаарларында аларга карата минималдуу баалар катталган.

Республиканын байкоо жүргүзүлгөн шаарларынын көпчүлүгүндө пахта майына карата чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Максималдуу чекене баалар Токмок (бир литр үчүн 192 сом), Исфана жана Ноокат (бир литр үчүн 176 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Кербен (бир литр үчүн 130 сом), Талас (бир литр үчүн 141 сом) шаарларында, ошондой эле Покровка айылында (бир литр үчүн 154 сом) байкалды.