Май айында өсүмдүк майы мындан да кымбаттайт

Май айындагы майрамдардан кийин өсүмдүк майы мындан да кымбаттайт. Ал эми июль-август айларында дефицит болушу мүмкүн. Мындай оюн бүгүн, 27-апрелде ишкерлердин жолугушуусунда компаниялардын биринин башчысы Азамат Осмонбаев билдирди.

Жеке ишкер муну Орусиядагы өндүрүш ишканалары сезонго ылайык ишин токтотууну баштагандыгы менен байланыштырат. Бул көйгөйдү өлкө ичиндеги өндүрүштү жолго салуу менен чечүүгө болорун кошумчалады. Айыл чарба министрлиги азыркы тапта өсүмдүк майынын өндүрүшү боюнча ишкана түзүү долбоорунун үстүндө иштеп жаткандыгы да маалымдалды. «Ишкана иштеши үчүн чийки зат керек. Күнкарама айдоо аянты да өлкөдө тартыш. Кээде жергиликтүү ишканадан чыккан майдын баасы сырттан ташылып келгенден кымбат болуп чыга келет», — деди ал.

Жолугушууда дүкөндөрдүн биринин өкүлү өткөн аптада өсүмдүк майдын 5 литрлик бөтөлкөсүн 770 сомдон алышса, кийинки жолу 803 сомдон сатып алышары тууралуу маалымат алганын айтты.