Май айында сүйлөшүлгөн 150 миң доза кытай вакцинасы Кыргызстанга келе элек

«Синофарм» вакцинасын алып келүү маселеси дале каралып жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, кечигүү Кытайдан түз алып келүү жок болуп жаткандыгына жана ЮНИСЕФ тарабынан тиешелүү кагаздар бүтпөй жаткандыгына байланыштуу.

“Вакцина 20-июнда даяр болгон. ЮНИСЕФ аны Кыргызстанга жеткирүүгө жардам берет. Учурда аба каттамы чектелгендиктен, аталган уюм дарыны Түркия аркылуу чартердик рейс менен жеткирүүнү карап жатат. Вакцинаны жеткирүү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен көз каранды эмес. ЮНИСЕФ тарабынан документтерди даярдоо иштери кечеңдеп жаткандыгына байланыштуу. Биз учурда дагы керектүү документтерди даярдап берүү менен убарабыз. Азырынча алып келүүнүн так күнү белгилене элек, июль айынын ортосуна чейин келип калат деген үмуттөбүз», — деди ал.

26-июнда Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен вакцина маселелерин талкуулаган эле.