Май айындагы майрамдардын эс алуу күндөрү аныкталды

Быйылкы май айындагы майрамдар кайсы күндөргө туш келери белгилүү болду. 1-май быйыл дем алыш күнгө туш келгендиктен анын ордуна кыргызстандыктар 3-майда эс алышмак, бирок ал эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 8-январга которулуп калган.

Ошондуктан 1-, 2-май ишемби жана жекшембиден тышкары 5-майда Конституция күнүндө, Жеңиш күнү жекшембиге туш келгендиктен 8-, 9- жана 10-майда эс алуу болот.

Мындан тышкары 13- же 14-майда Орозо айт майрамы белгиленет.