Май айынын башындагы узак эс алуу күндөрү калкты тейлөө борборлору кандай иштейт?

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-майдан 5-майга чейин жана 9-майда келе жаткан май майрамдарына жана узак дем алыш күндөрүнө байланыштуу Калкты тейлөө борборлорунун жана Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн иш графиги жөнүндө маалымдады.

Майрам жана дем алыш күндөрүн эске алуу менен керектүү документтерди алдын ала толтурууга жана алууга кам көрүүнү сунуштады. Алсак, бөлүмдөр штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт:
6; 7; 8-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
10 жана 11-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын иштөө графиги:

3; 4; 7; 8; 10; 11; 12 май — иш күндөрү, 10:00дөн 19:00гө чейин (түшкү тыныгуу 14:00-15:00);
4-май-иш күнү, саат 10:00дөн 18:00гө чейин;

1; 2; 5; 6; 9-май — дем алыш күндөрү.