2025-жылдын май айынын соңунда Кыргыз Республикасынын бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын 5 – 6-класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрдө класстан класска көчүрүү экзамендери өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Бул экзамендер атайын бекитилген жобого ылайык уюштурулуп, билим алуунун сапатын баалоо жана тилдик көндүмдөрдү өрчүтүү максатын көздөйт.
Экзамендердин мөөнөтү төмөнкүдөй:
- 5-класстын окуучулары үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде) – 27 – 28-майда;
- 6-класстын окуучулары үчүн – 29 – 30-майда өткөрүлөт.