Майлуу-Сууда үйүндө суу жана жылуулук жок жарандар убактылуу жайга барса болот

Майлуу-Сууда үйүндө суу жана жылуулук жок жарандар үчүн убактылуу жай ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Шаар аймагындагы тургундар үчүн шаардык ооруканада жана окуу жайдын жатканасында жалпы 102 орундук даярдалып, 24 саат бою шаардын тургундарын кабыл алуу үчүн ачылды. Ал эми шаар аймагындагы менчик тамактануучу жайлардын ээлери менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 60 адамды кабыл алууга даяр экенин билдиришти. Учурда ӨКМдин Ноокен, Базар-Коргон, Таш-Көмүр шаардык ӨКБнөн келген өздүк курамдын кызматкерлер тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн эритүү аракетин көрүшүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Өткөн аптада Майлуу-Суу шаары суусуз жана жылуулуксуз калып, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.