Майлуу-Сууда жылуулук берүү токтоп, шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

edf

Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Күчүнө кирген сууктан кечээ, 12-январда Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей үзгүлтүккө учураган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Майлуу-Суу шаардык мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, кырдалды жөнгө салуу боюнча шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызмат менен бирдикте шаардын Саматова көчөсүндө жайгашкан отканага өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн “КаМАз” жана “ЗИЛ-131” өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышкан. Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, бүгүн, 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.