Майлуу-Сууда кезеги менен жылуулук берилип, таза суу да жеткирилүүдө

Майлуу-Сууда кезеги менен жылуулук берилип, таза суу да жеткирилүүдө. Учурда жеринде кырдаалды жөнгө салуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов башында турган кызматкерлер иш алып барууда. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
12-январь күнү болгон катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуучу суу каналынын түтүктөрү тоңуп, мындан улам элге жылуулук берүү жана таза суу үзгүлтүккө учураган. Бүгүн, 14-январь саат 12:00гө карата Майлуу-Суу шаарында саат 05:00го чейин сайдан водозаборго суу толтурулуп, водозабордон Майлуу-Суу заводуна суу берилип, заводдун насостору менен №1 отказанга (котельный) суу берилген. Натыйжада системалар жылытылып, №1 отказан ишке кирип, кезек–кезеги менен жашоочуларга жылуулук берилип баштады.
Учурда ӨКМден 4 тонна күйүчүү май, 2 оор техника, 30 кызматкер тартылып, «KAMAZ» АЦ-6-40 «Зил» 130 өрт өчүрүүчү унаасы менен калкка таза суу ташып берүүдө. Мындан сырткары жарандарга таза суу берүү максатында шаардык суу чарба ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, заводдон 1 суу ташуучу унаа иш-жүргүзүүдө. Кошумча Ноокен районунан 2 суу ташуучу унаа, Жалал-Абад шаарынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.