Майндагы Франкфуртта Европадагы мекендештердин футболдук турнири болуп өттү

Германиянын Майндагы Франкфурт шаарында Европадагы кыргызстандыктардын арасындагы Көчмө кубок үчүн футболдук турнир болуп өттү. Анда Германиянын ар кайсы шаарларынан, Литва, Дания, Чехия жана Польшадан келген Кыргыз жарандарынын 20 командасы катышты. Турнир Германиядагы кыргыз диаспорасынын жана “B.I.Z” (“Билим, демилге, кызматташтык”) коомунун демилгеси менен уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты. Ал Германиядагы кыргыздар эки өлкөнүн алакасын түзгөн көпүрө экендигин баса белгилеп, мекендештерди Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө чакырды. Элчи Германиядагы, Польшадагы, Даниядагы жана Литвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушту.