Майрам күндөрү Бишкекте Кайгуул кызматы иштеп жатабы? Расмий жооп

Социалдык тармактын колдонуучулары «Кайгуул кызматы майрам күндөрү иштеп жатабы? Унаабызды айып короодон чыгарышыбыз керек, айып пулдарды төлөшүбүз керек» деген өңдүү суроо салышууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтышты.

«Азыркы учурда кайгуул кызматы майрам күндөрүндө да, дем алыш күндөрү да күнүмдүк графикте иш алып барууда. Андыктан айдоочулардын талаптары, жазган кайрылуу жана арыздары, унааны убактылуу токтотуучу короо жайдан чыгаруу жоболору жана башка бардык кызматтар кадимкидей иш алып барууда», — дешти кызматтан.