«Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбооруна карата коомдук талкуу өттү

Бишкек шаарында тиешелүү мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо болуп өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзү демилгелеп жаткан мыйзам долбоору тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. «Тактап айтканда, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, ишке орношууга, медициналык тейлөөгө кеңейтилген кепилдиктерди жана санариптик кызматтарга жетүүнү камсыз кылуу сунушталууда. Мыйзам долбоору майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин кыйла кеңейтип, коомду инклюзивдүү жана жеткиликтүү кылат», — деди Дастан Бекешев.
Талкуунун жүрүшүндө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу сунушу менен чыгышты. Тактап айтканда, майыптыктын аныктамасын медициналык мамиледен социалдык мамилеге өзгөртүү керек. Талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди кароо чечими кабыл алынды.