Майыптыгы бар балдарды окуу куралдары менен камсыздоону караган мыйзам долбоору кабыл алынды

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуу куралдары менен камсыздоону караган мыйзам долбоору кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Демилгечилер – Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Таалайбек Масабиров, Сеидбек Атамбаев.

Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган адистештирилген мектептерди атайын окуу китептери жана окуу куралдары менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.