«Майыптыгы бар эки кызым зордукталып, экөө тең төрөдү» деген аял энелерге кайрылды

Анара Эшимова 50 жашта. Ал акыл-эси жагынан майыптыгы бар эки кызы жана алардын эки баласы менен күн кечирет. Анын 30дан ашкан эки кызы 3 жыл мурда белгисиз адамдар тарабынан зордукталып, экөө катар-катар төрөгөн. Бул берүүдө биз майыптыгы бар эки кызын жана алардын балдарын баккан эненин баянын көрсөтөбүз.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0707 40 18 73.

«Кыздарым төрөп келгенде жетише албай жаттым. Экөө тең ыйлаак болушту. Кудайымдан тиленип жатам, ушулар жакшы болуп, кийин кыздарымды карап беришсе экен деп. Мен апалардан суранам, кыздарыңарды таштабагыла. Менин акыбалыма түшпөңүздөр. Мурда кыздарды багам деп, аларды үйгө таштап кете берчүмүн. Кыздарымды ким зордуктап жүргөнүн, канча адам зордуктаганын да билбейм, ушуга чейин билбейм. Азыркыга чейин жүрөгүм ооруйт. Ким кылса да Кудай жазасын берсин», — деди апасы.