«Майыптыгы бар эки кызым зордукталып жүрүптүр, экөө тең төрөдү» дейт апасы

Анара Эшимова 50 жашта. Ал акыл-эси жагынан майыптыгы бар эки кызы жана алардын эки баласы менен күн кечирет. Анын 30дан ашкан эки кызы 3 жыл мурда белгисиз адамдар тарабынан зордукталып, экөө катар-катар төрөгөн. Бул берүүдө биз майыптыгы бар эки кызын жана алардын балдарын баккан эненин баянын көрсөтөбүз.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0707 40 18 73.

«Менин өзүмдүн ата-энем жок. Интернатта өскөм. Өгөй энем 16 жашымда оорукчан адамга турмушка берип койгон. Аны менен жашоо өтө оор болчу. Бирок туугандары мага аябай колдоо көрсөтүштү. Ошентип аны менен 10 жыл жашап, 2 кыздуу болдум. Кыздарымдын төрөлгөндө эле майыптыгы бар экенин билдим. Тили кеч чыгып, кеч басышты. Кайненем 1998-жылы каза болду. Ошол жылы эле чечим чыгарып, Бишкекке көчүп келе бердим. 

2021-2022-жылы батирде баарыбыз чогуу жашачубуз. Мен кыздарымдын ичи чыгып калганын байкабаптырмын. Же алар айтпайт. Кыздарым зордукталып жүрүптүр. Ким экенин билбейм, бирок экөөнүн баласынын атасы бир эле киши деп ойлойм. Мен кыздарымдын 6 айлык боюнда барында билдим. Ичи чоңоё баштады. Мен семире баштаган го деп ойлодум. Ооруканага алып барсам, экөө тең кош бойлуу экен. Мен бага албарымды айттым. Дарыгерлер «баланы алып сала албайбыз» дешти. Мен жалдырасам, дары беришти. Берсем, бирок түшпөй койду. Төрөткөнгө туура келди», — деди каарман.